super.kg logo

Антисептиктердин курамында ракты жаратуучу зат табылды

 

Америкалык Valisure компаниясы базардагы антисептиктерге изилдөө жүргүзүп, алардын айрымдарында рак оорусун козгоочу зат - бензол бар экендигин аныктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ден соолукка кооптуу зат пандемиянын ортосунда, популярдуу дезинфекциялоочу бренддер тартыш болуп турганда базардан чыккан азыктардан табылган. Компания бензол дезинфекциялоочу бөтөлкөлөрдүн 17 пайызынан табылганын аныктады.

Ошол эле учурда бөтөлкөлөрдүн сегиз пайызында азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыз кылуу башкармалыгы тарабынан белгиленген чектен ашып кеткен заттын көлөмү болгон. Жетекчиликтин айтымында, бензолдун мындай концентрациясына адам "салыштырмалуу кыска мөөнөткө" чыдай алат.

Белгиленгендей, курамында кооптуу зат табылган продукциялардын көпчүлүгү АКШда жана Кытайда өндүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
27.03.2021. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми баары бутуп ушул эле калды эле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: