"Ишеним" кимдин партиясы?
Шайлоо кампаниясы кызыган учур. Бишкектин "парламентин" эңгесеген партиялардын саны бул жолу 25ке жетип, атаандаштык катуу жүрүүдө. Шаардык кеңештин эң акыркы чакырылышындагы 45 депутаттын 38и кайрадан талапкерлигин коюшту.
Шаардык кеңеш кадимкидей эле кландашып кеткени эч кимге жашыруун эмес. Жалаң ири курулуш компанияларынын, базарлардын, соода борборлорунун, транспорттук фирмалардын кожоюндары, алардын балдар-кыздары, бир туугандары шаар бийлигине үстөмдүк кылып, Бишкек азыркы кейиштүү абалына келди. Акыркы эки-үч жылдан бери кышкысын Бишкек кара түтүнгө тумчугуп, аба айланбай калышына - көп кабаттуу үйлөрдүн баш аламан курулушу себеп болду. Канча жылдан бери маршруттук таксилерди иретке келтире албай, шаар маршруттук фирмалардын барымтасында калды! Бул үчүн кимдерге "рахматыбызды" айтабыз?
Бишкекти ушундай абалга кептегендер бүгүн кайра эле ооз толтура убадаларын айтууда. Алардын кайрадан шаардык кеңешке жулунуп жатканы - эки жүздүүлүктүн жеткен чеги эмеспи. Качанкыга чейин ошолордун "обонун" созобуз?
Бирок дайыма эле акчалуулардын айтканы айткандай, дегени дегендей боло бербейт. Намыстуу элибиз олигархиялык топторго сөзсүз өз сөзүн айтат. Буга былтыркы октябрь окуялары ачык мисал.
Жаштардан, таза, жаңы жүздөрдөн куралган "Ишеним" партиясы мындай акыйкатсыздыкка моюн сунбайт. Анткени бул партия жарандык позициясы бекем, өз ишин мыкты билген, эч кимден, эч нерседен жалтанбаган арты таза жаштардан куралган.
"Ишеним" партиясын Бишкек шаардык кеңешине баштап бара жаткан 34 жаштагы Азамат Дороев муниципалдык кызматта катардагы адистен, жетекчиликке чейин өз аракети менен жеткен жаңы, таза муундун өкүлү. Ал жергиликтүү бийликтин ишин, шаардагы көйгөйлөрдү ийне-жибине чейин билет. Жалындуу жаштардан куралган "Ишеним" партиясынын программасында дал ошол көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору так жана даана жазылган. Эң негизгиси алар Бишкек шаарынын өнүгүүсүнө тоскоолдук жараткан жеке кызыкчылыктарга, коррупциялык схемаларга, бюрократияга сокку урууга даяр!
"Ишеним" партиясынын Бишкек бөлүмүнүн төрагасы Азамат ДОРОЕВдин шаардыктарга кайрылуусу
УРМАТТУУ ШААРДЫКТАР!
Мен баарыңыздарга жана ар бириңиздерге кайрылам! Бүгүн баарыбызды шаарыбыздын келечеги ойлондурат. Алдыда Бишкектин тагдырын чечүүчү шаардык кеңешке болгон шайлоо турат. Бул шайлоодо кимдер жеңет? Баягы эле эскилерби? Чынында эл алардан тажады! Биз алардын эскирип, тапталып бүткөн куру убадаларына ишенбейбиз. Өзгөрүүгө мезгил келди! Жаңыланууга жаштар менен чогуу кадам таштайлы!
Бизге, жигердүү жаштарга ишеним арткыла. Ишенимиңерди ишибиз менен далилдейбиз!
Сиздин добушуңуз – Бишкектин келечегине кошкон зор салымыңыз!
БИЗДИ КОЛДОП БЕРИҢИЗ, СҮЙҮКТҮҮ ШААРЫБЫЗДЫ ЧОГУУ ӨНҮКТҮРӨЛҮ! "Ишеним" партиясына №7ге добуш бериңиз!
Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбекова көчөсу 109/1. Буйрутмачы: Жумабекова Чынар Төлөмүшевна, ”Ишеним” сайясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу окүлү Жумабекова Чынар Төлөмүшевна Тарабынан төлөндү.
кошулду







1 |