super.kg logo
  Саясат  

Президенттин өкүлү депутатка: "Кошоматчылык деген сөздү кошпой сүйлөңүз"

 

Бүгүн, 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов партиянын ичиндеги талапкерлерди шайлаганга мүмкүнчүлүк түзүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

Анда президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов депутатты президенттин жарлыгын сыйлоого чакырды. "Мен силердин ишмердүүлүгүңөргө кийлигишкенге акым жок. Мыйзам долбоору жакшы экен, бирок мүчүлүштүктөр дагы бар. Юрист катары карап отурдум. Бул мыйзам долбоору 2019-жылы киргизилип, 2020-жылы комитеттерде каралыптыр. Жаңы Конституциянын долбоору жактырылды. 11-апрелде элдин тандоосуна коюлат. Президенттин жарлыгын сыйлап, жакында өтө турган отурум өткөндөн кийин талкуулап алып чыксаңар жакшы болмок", - деди Калматов.

Сулайманов: "Биринчи окууда мыйзам долбоорунун концепциясын карайбыз. Отурумга мен да катышам. Эч кандай талаш жок. Маселе жок. Экинчи окууда кемчиликтерин жоюп алып чыксак болот", - деди.

Калматов: "Паровоздун алдында чуркабай эле мыйзам долбоорун шашпай карасак", - деди.

Сулайманов: "Бул мыйзам долбоору 2020-жылы эле кабыл алынган. Өткөн аптада өзүңүз "коё туруңуз, кийинки жума алып чыгыңыз" деп айтпадыңыз беле. Кошоматчылыкты башкача кылыңыз", - дейт.

Калматов: "Башкача сүйлөшөлү. Кошоматчылыкты кошпоңуз. Башка сөз айткан жокмун. Президенттин жарлыгын айтып жатам. Кошоматчылык эмес да", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: