super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаров Катар мамлекетинин Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта Катар мамлекетинин Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтини кабыл алды.

Анда саясий, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсү Катар менен өз ара байланыштарды ар тараптуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Садыр Жапаров саясий кызматташтык тууралуу айтып жатып, акыркы жылдары эки өлкө ортосунда көптөгөн биргелешкен иш-чаралар жана ар кандай деңгээлдеги өз ара иш сапарлар уюштурулганын айтты.

Кыргыз-катар мамилелерин жандандыруу жана жаңы деңгээлге көтөрүү максатында президент эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруунун актуалдуулугуна токтолду.

Садыр Жапаров Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргыз өлкөсүнө мамлекеттик иш сапары 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу жылдырылганын эске салып, кыргыз тарап аны быйылкы жылы күтүп жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле мамлекет башчысы соода-экономикалык чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгын, өлкөлөрдүн ортосунда пайдаланылбай жаткан зор потенциалды баса белгиледи.

Ал соода-экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын биргелешип жана жигердүү алдыга жылдырууга чакырды, ушул жылы кыргыз-катар өкмөттөр аралык комиссиясынын экинчи отурумун өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле мамлекет башчысы экологиялык жактан таза ата мекендик айыл чарба продукцияларын араб өлкөлөрүнө, анын ичинде Катарга экспорттоого даярдыгын билдирди.

Катар элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти мамлекет башчысына жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташуунун алкагында Кыргызстандын аймактарында бир катар медициналык, билим берүү жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

Абдулла бин Ахмед Ас-Сулайти жаңы биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: