super.kg logo

Белгилүү америкалык актриса Жессика Альба карьерасын жыйынтыктаганын жар салды

 

Белгилүү америкалык актриса жана жеке ишкер Жессика Альба ден соолугуна байланыштуу кино индустриясынан кеткендигин жар салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Апам 20 жашында залалдуу шишик дартына кабылган. Мен болсо өнөкөт оору менен төрөлгөм. 11 жашыма чейин 5 операцияны башыман өткөздүм. Андан сырткары өнөкөт аллергиям да бар болчу. Бала чагымда көп ирет ооруканага жаткам", - деп эскерген актриса.

Актриса 2008-жылы кызы Онор төрөлгөндөн кийин ден соолугуна көбүрөөк көңүл буруп калганын айткан. "Кызымдын жанында болуп, аны менен көп убакыт өткөрүүнү кааладым. Ден соолук эң маанилүү нерсе экенин түшүндүм. Менин наристемдин дени сак болушун кааладым. Ооруп турган убакытта бактылуу болуу аябай оор", - деген Жессика Альба.

Актриса "Кара периште" телесериалына тартылып атактуулугу жанган. Көп өтпөй "Күнөөлөрдүн шаары", "Фантастикалуу төртилик", "Фантастикалуу төртилик 2" жана башка тасмаларда роль жараткан. Ошондой эле бир нече ирет дүйнөдөгү эң сексуалдуу айым наамына татыган. 2011-жылы "The Honest Company" аттуу компанияны негиздеген. Компания жаш балдарга арналган зыянсыз продукцияларды чыгарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: