super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан 2 миллиондон ашуун адам каза болду

 

Бүгүн, 26-мартка карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 125 миллион 421 миң 349 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 71 миллион 54 миң 952 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 754 миң 460 адам илдеттен каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында турган АКШда ооругандардын жалпы саны 30 миллион 76 миң 486 болду. Тилекке каршы, 546 миң 507 адам каза болду. Аталган өлкөдө канча бейтап ооруну жеңгени боюнча расмий маалымат жок.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 12 миллион 320 миң 169 адамдан аныкталды. 303 миң 462 адам каза болсо, 10 миллион 808 миң 499 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 11 миллион 787 миң 534 адам вируска кабылган. 160 миң 692 бейтап көз жумса, 11 миллион 231 миң 650 бейтап оорудан сакайды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: