super.kg logo

Коронавируска каршы эмдөөнү алгачкылардан болуп 29-мартта саламаттыкты сактоо министри алат

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөөнү алгачкылардан болуп 29-мартта алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттөн билдиришти.

Кыргыз өлкөсүндө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат.

Эмдөө Бишкек, Ош шаарларында, Чүй өрөөнүндө башталат. Учурда аймактарга вакциналарды жеткирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бишкек шаары боюнча эмдөө үчүн 5 пункт ачылат. Чүйдө 2 пункт, ал эми Ош шаарында дагы 2 пункт ачылат.

Эмдөөнүн алгачкы этабында медицина кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, укук коргоочулар, бажы кызматкерлери, өнөкөт оорусу барлар жана ден соолугу кооптуу топко киргендер эмделет. Вакцинация Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө, андан кийин Ош облусунда жүргүзүлөт.

Өлкөгө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза "SinoPfarm" вакцинасы келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: