super.kg logo

Малдын жана тоңдурулган балыктын ири партиясын мыйзамсыз ташып кирип жаткан жарандар аныкталды

 

Кыргыз өлкөсүнө малдын жана тоңдурулган балыктын ири партиясын мыйзамсыз ташып кирип жаткандар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл-өткөрмө жайына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБ өлкөлөрүнө уруксат берүүчү документтери жок тоңдурулган балыкты, ири жана майда мүйүздүү бодо малды ташып кирүү фактылары аныкталды.

"Тактап айтканда, Кыргыз өлкөсүнүн аймагына 367 баш ири мүйүздүү малды, 162 майда мүйүздүү малды жана 20 тонна тоңдурулган балыкты мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Импорттоочуларда коштоочу документтер жана товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес. Бул иш мыйзам чегинде тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн мобилдик топко берилди", - деп билдиришти Салык кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.03.2021. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанга кирип аткан керектүү товарларга документтери жок болсо айып пул салып эле коё бербейсиңерби. И так эле эт бизде кымбат болуп атат го андан көрө аткезчилик менен Кыргызстандан чыгып аткан товарларга тыйуу салгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: