Ташиев: "Өзбек тарап менен сүйлөшүү жүргүзүлгөндө алар бизди каршылаш катары көргөн жок"

Бүгүн, 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга барып келген иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын берүүдө.
Анда ал чек ара маселесинин чечилиши тууралуу журналисттерге маалымат берүүдө.
"Ар бир жер Кыргыз тарапка дагы, Өзбек тарапка дагы керек. Сүйлөшүү аябай кыйын болду. Түнкү саат 2ге чейин макулдашуулар болду. Өзбек тарапка сүйлөшүү үчүн ыраазычылык билдирем. Алар бизди каршылаш көргөн жок. Өнөктөш катары көрүштү", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

