super.kg logo
  Саясат  

Ташиев: "Депутат Марат Аманкулов мыйзамдын негизинде жооп берет"

 

Бүгүн, 26-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын берүүдө.

Анда ага журналисттер депутат Марат Аманкуловго козголгон кылмыш иши боюнча суроо берди. "Марат Аманкулов боюнча тергөө иштери жүрүп жатабы?" деп сурады журналист.

Ташиев Аманкуловго мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши козголгонун эскертти. Ошону менен катар эле Аманкулов мыйзамдын негизинде жооп бере турганын кошумчалады.

Мындан тышкары Ташиев журналисттерге чек ара тууралуу гана суроо берүүнү талап кылды.

Буга чейин УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов мыйзамсыз байыгандыгы аныкталдыгы тууралуу маалымат тараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: