super.kg logo

Жалал-Абадда 2 жаран өз каалоолору менен "Хизбут-Тахрир" уюмунан баш тартышты

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2 жаран "Хизбут-Тахрир" уюмунан баш тартышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан облус аймагында "Экстремист" аталышындагы операциясы өткөрүлүп, 24 факты аныкталды.

"Анын алкагында кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Ноокен районунун 2 тургуну "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришти.

Жалал-Абад ОИИБинин жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында, облус аймагында жыл башынан тартып 4 адам каттоодон чыгарылган.

Облус аймагында Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын багытында 553 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 493 адам "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.03.2021. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура кыласынар. Эмне кыласынар мындай диний уюмдардын популисттик идеялогиясын ээрчип. Жашоосунда хоббиси жоктор динге ашкере берилип кетишет. Билими менен адам мүдүрүлбөйт. Билим акылдын жүзү. Сабатсыздык толук акылсыздыкка алып келет. Ислам өзү кыйла радикалдуу дин болуп кетет. Хизбут-Тахрирдин максаты орто кылымдагы караңгылыкты жандандыруу дегенди билдирет.
Mirlan27011987 түзөттү 2021-03-27 09:59:41
27.03.2021. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mirlan27011987,Ислам дини тууралуу сүйлөштөн абал силерге Мухаммад пайгамбардын (сав)өмүр баяны китебин окууну сунуштамакмын ошондо чыныгы Ислам дини кандай болоору Пайгамбарыбыздын (сав)жашоосу аркылуу таанылат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: