super.kg logo
  Саясат  

Улукбек Марипов: "Кыргыз-Өзбек маданий иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүү практикасын улантуу зарыл"

 

"Кыргыз-Өзбек маданий иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүү, өткөрүлүп жаткан концерт жана фестивалдарда өз ара катышуу практикасын улантуу, билим берүү, спорт жана туризм тармагындагы кызматташтыкты активдештирүү зарыл", - бул туурасында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Ташкент шаарында өткөн Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңейтилген кеңешмесинде билдирген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылы эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын мотиви боюнча «Делбирим» көркөм тасмасын биргелешип тартуу боюнча жагымдуу тажрыйба орун алды.

"Тасма боюнча Кыргыз-Өзбек коомчулугу арасында оңдуу пикирлер орун алды. Мындан ары карай биздин элдер арасындагы достукту чыңдоо үчүн кинематография, театр, ошондой эле концерттик иш-чаралар жаатында кызматташууну активдештирүү керек. Кыргыз-Өзбек аралык өз ара пайдалуу кызматташтык кыргыз жана өзбек бир тууган элдери ортосундагы салтка айланган жана кылымдар бою келе жаткан достуктун негизинде ырааттуу жана жемиштүү өнүгөт деп ишенем", - деп белгиледи премьер-министр.

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов аталган тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди. Анын айтымында, өзбек тарап "Жибек Жолу" биргелешкен брендин, ошондой эле эстрада же улуттук классикалык музыка жылдыздарынын катышуусунда биргелешкен концерттерди алга жылдырууга даяр. Мындан тышкары Кыргыз өлкөсүнүн студенттерин Өзбекстандын ЖОЖдорунда окутуу үчүн квоталык орундарды сунуштоого даяр.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, тараптар эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесинин протоколуна кол коюшту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: