super.kg logo

Башка чаап, денесине жаракат келтирген. Жалал-Абадда 43 жаштагы аялды зордуктаганга шектелип 2 жаран кармалды

 

Жалал-Абад шаарында 43 жаштагы аял зордукталганын айтып милицияга кайрылган. Шектүү катары 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Жалал-Абад шаарында 1978-жылы туулган аял киши милицияга арыз менен кайрылган. Арызда 26-март күнү саат 12:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы үйүнөн белгисиз бир жаран үйгө кирип келип, эркине каршы зордуктап, колундагы миздүү учтуу белгисиз предмет менен башына уруп, денесине жаракат келтиргени жазылган.

Натыйжада аял ооруканага кайрылып, биринчи жардам алып үйүнө чыккан.

"Жогорудагы факты Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБинин тергөө ыкчам тобу чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн. Андан сырткары жабырлануучу аялга карата соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Көп өтпөй шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 1987-жылы туулган тургуну О.З. жана Сузак районунун 1988-жылы туулган К.Б. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатышат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: