super.kg logo

"Эмдөө ар кимдин өз ыктыяры менен болот" деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү

 
Эмдөө ар кимдин өз ыктыяры менен болот. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Гульбара Ишенапысова айтты.
"Сен медицина кызматкерисиң же мугалимсиң деп кыйнап эмдебейбиз. Эмдөө тууралуу ар бир жаран маалымат алат, андан кийин макулдугун берген соң эмделет. Алардын укугу эске алынат. Эмдөө алган жарандардын бардыгы базага түшөт", - деди Иммунология борборунун директору Гульбара Ишенапысова.
Белгилей кетсек, бүгүн, 29-мартта өлкө аймагында коронавирус илдетине каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Анда алгачкылардын болуп саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өтөт. Андан кийин медицина кызматкерлери жана башкалар алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: