"20 жылдан кийин". Малика Дина атасынын туугандары менен жолукту
Ырчы Малика Дина атасы Абдумалик Шерматовдун туугандары менен таанышты. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ырчы Өзгөн районунун Куршаб айылына барып, туугандары менен жолукканын видео кылып киргизген.
"Куршаб". Атамдын кичи мекени. 20 жылдан кийин туугандар менен жолугушуу. Менде айтыла турган сөздөр жана ойлор көп. Бирок бул жерде мага сөздүн кереги деле жок. Баарыңарды көргөнүмө кубанычтамын", - деп жазган ал.
Кийин ырчы айым социалдык тармактагы баракчасынан түз эфирде күйөрмандары менен сүйлөшүп жаткан учурда атаңдын эжесине абдан окшош экенсиң деген билдирүүсүн калтырган.
"Ооба, өзүм дагы байкадым, күлгөндөрүбүздөн бери окшош экен", - деп жооп кайтарды Малика Дина.
Малика Дина
Ошто көпүрөдөн боюн таштап каза болгон кыздын окуясынан кийин көпүрө алынды
Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Көрүп алып ыраазы болдум