super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн, 15-октябрда футбол боюнча Кыргызстан жана Тажикстан курама командалары жолдоштук беттеш өткөрөт

 
Бүгүн, 15-октябрь күнү саат 16:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстан менен Тажикстан курама командалары жолдоштук беттеш өткөрөт. 14-октябрь күнү беттеш алдында эки команданын башкы машыктыруучулары маалымат жыйын өткөрдү. Анда Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков: "Тажикстан курама командасына биздин жолдоштук беттеш өткөрүү тууралуу чакыруубузга келгени үчүн ыраазычылык билдирем. Бул  биздин команданын 2014-жылы АФКнын чакыруу Кубогуна даярдануу үчүн маанилүү беттештерден",- деди. Ал эми Тажикстан курама командасынын машыктыруучусу Мухсин Мухамадиев: "Мындан мурда биз Кыргызстан менен АФКнын чакыруу Кубогуна тандап алууда Нооруз майрамында беттешкен элек. Эми болсо беттеш Курман айт майрамына туш келди. Биз дагы Кыргызстан курама командасы менен майрам күнү Тажикстанда беттеш өткөрүү ниетибиз бар",- деп айтты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: