super.kg logo

Ошто COVID-19'га каршы эмдөө иштери жүрүүдө

 
Бүгүн, 29-мартта Ош шаарынын №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда коронавируска каршы эмдөө иштери башталды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, коронавирустун биринчи этаптагы эмдөө иштери менен вице-мэр Эмиль Шадыканов таанышты.
"Ошко биринчи дозадагы 300 даана "Синофарм" вакцинасы келип түшкөн. Вакцина Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан каттоодон өткөн. Ошондуктан эч кандай коркуунун кажети жок. Алгач вакцинаны медициналык кызматкерлер, мугалимдер, милиция кызматкерлери алышат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, эмдөө алгач Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө жана Ош облусунда башталды. Өткөн аптада өлкөгө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасы келген. Ал 75 миң адамга эсептелген.
Коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү этаптарын шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: