Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Казакстанда өтүп жаткан мелдеште биринчи беттеште утулду

Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Казакстандын Чымкент шаарында 14-20-октябрь аралыгында өтүп жаткан баш байгеси 10 миң доллар болгон мелдеште биринчи беттеште утулуп калды. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирет. Анда Данияр мелдештин жупта ойноо бөлүгүндө орусиялык Фёдор Червяков менен бирге Михаил Фуфягин жана Андрей Плотный аттуу орусиялыктарга 6:4, 7:6 эсебинде жеңилди. Ал эми мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө Данияр беттешин өткөрө элек. Чүчү кулактын жыйынтыгында Данияр орусиялык Михаил Фуфягинге туш келди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.