Бишкекте 7 күндө 7 миңден ашык айдоочу жол эрежесин бузду
Бишкек шаарында бир аптанын ичинде 7 миң 93 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-марттан 25-мартка чейин Бишкек шаарынын аймагында 7 миң 93 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
1) Мас абалында унаа башкаруу - 81;
2) Унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -11;
3) Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 107;
4) “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айып пул төлөбөй жүргөн унаалар -134;
5) Башка жол эрежелерин бузуулар - 6 миң 760.
Ошондой эле 520 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.