super.kg logo

Британия чет өлкөгө чыгууга тыюу салууну августка чейин узартат

 

Британ бийлиги өлкөнүн тургундары үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салууну августка чейин узартат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өкмөт 12-апрелде башка өлкөлөр менен байланышты калыбына келтирүү күнүн жарыялоого убада берген. Бул 17-май болушу керек болчу. Бирок акыркы апталарда бийлик жай мезгилинде чет өлкөгө эс алууну пландаштырууга эрте деп билдире баштады.

Ошол эле учурда чек аралар ачылгандан кийин деле туристтик коридорлор тутумун киргизүү пландаштырылууда. Өлкөлөр жашыл, сары жана кызыл тизмелерге бөлүнөт.

Жашыл тизмеден штаттарга баргандан кийин карантин талап кылынбайт. Сары тизмеге кирген өлкөлөргө саякаттагандар өзүн изоляция кылуу үчүн үйүнө кетиши мүмкүн. Кызыл тизмеден чыккан өлкөлөр аэропорттордогу мейманканаларда өз каражаттарынын эсебинен эки апталык карантинге калышы керек, ошондой эле коронавирустун жок дегенде эки анализин тапшырышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: