"Ишенимге" элден чыккан элдик талапкерлер чогулду!
Бишкек шаардык кеңешине аттанган "Ишеним" партиясынын катарынан олигарх, ири бизнесмен, экс-мэр, экс-депутат, ири чиновниктерди таппайсыңар. "Ишеним" - жалаң өз ишин мыкты билген, жөнөкөй элдин арасынан чыккан жаштардан куралган. Бул – популисттик куру кыйкырык эмес, бул - кашкайган чындык!
Бишкек бүгүн чыныгы профессионалдарга суусап турат. Акчага эмес, акылына таянган өз тармагын мыкты билген адистерди чогултуу менен "Ишеним" партиясы "чоң кыштакка" айланган Бишкекти чыныгы борбор шаарга айлантууга бел байлады.
Чоң саясий жарышка алгачкы ирет аттанган "Ишеним" партиясы талапкерлерди тандоодо жек-жааттыгына, капчыгына эмес, адистигине басым жасаган. Бишкек шаарындагы ар бир көйгөй, орчундуу маселелерге жараша ар тармактын мыкты адистерин чогултту. Мисалы Бишкектеги коомдук транспорт, жол тыгындары сыяктуу маселелерди чечүү боюнча жол жана автоунаа транспорт тармагынын инженерлери Улан Алымбаев, Нурбек Жаныбековдордун конкреттүү пландары, ойлору бар.
Ал эми Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери, биолог, эколог, ландшафтык дизайнер Нускайым Уметалиева Бишкекти жашылдандыруу, көрктөндүрүү, экологиябызды жакшыртуу боюнча жаңыча ой жүгүрткөн уникалдуу адис.
Александр Голенко Бишкекти күнүгө жүздөгөн тонна таштандыдан арылткан, кагазды кайра иштеткен өндүрүштү негиздеген. Шаардык кеңештеги ишмердүүлүгүндө ал таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушун тездетүүгө өз салымын кошо алат. Анткени ишти эмнеден башташты эң жакшы билет.
4 тилде эркин сүйлөгөн Сахиб Сулиев 15 жылдан бери туризм тармагында үзүрлүү иштеп келүүдө. Дүйнөлүк масштабдагы туристтик фирмалар менен бекем алака түзүүгө жетишкен, эл аралык байланыштары күчтүү Сахиб мырзанын Кыргыз өлкөсүнө, өзгөчө Бишкектин туристтик потенциалын толук кандуу пайдалануу боюнча өзгөчө ойлору бар.
Таэквандо боюнча Кыргыз өлкөсүнүн 5 жолку чемпиону, Улуттук курама командабыздын мүчөсү, бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, 23 гана жаштагы Марат Ниязов кыргыз спортун жаңы деңгээлге чыгарууга тартынбай киришкен, амбициялуу азаматтарыбыздын бири. Ал Түштүк кореялык ири бизнесмендер менен тыгыз алака түзгөнгө жетишкен. Бишкекте дүйнөлүк ири мелдештерди өткөргөнгө ылайыктуу спорт комплекстерди куруу боюнча долбоорлору да даяр. Алдыңкы, заманбап ой жүгүрткөн жаштардын бири Гүлзара Кокенова дагы кореялык инвесторлордун тилин таап, Бишкекке инновациялык, заманбап мектептерди курам деп чуркап жүрөт. 10 жылдан бери Калкты тейлөө борборунда иштеп келе жаткан прогрессивдүү жаш муундун дагы бир өкүлү Саида Турдубекованын шаардагы баардык тейлөө кызматтарын санариптештирүү боюнча даяр долбоорлору бар. 28 жаштагы жаш ишкер Айзада Асангазиева жеке бизнесин түптөөнү каалаган шаардык жаштардын демине дем кошуп, муниципалдык бийликтеги бюрократиялык тоскоолдуктарды түп орду менен жок кылам деген асыл ою бар.
Айтор, "Ишеним" партиясы таптап, шаардык кеңешке талпынтып жаткан талапкерлердин баардыгы борбор шаарыбызды өнүктүрүү үчүн конкреттүү план менен бара жатышат. Алардын артында миллионер туугандары, капчыктуу колдоочулары жок. Өз күчү, өз аракеттери менен өз тармагында ийгилик жараткан жаратмандар! "Ишеним" - кесипкөй адистерден куралган профессионалдардын партиясы!
№7 – элден чыккан, элдик партияга добуш бериңиз!
Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбекова көчөсу 109/1. Буйрутмачы: Жумабекова Чынар Төлөмүшевна, ”Ишеним” сайясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу окүлү Жумабекова Чынар Төлөмүшевна Тарабынан төлөндү.
кошулду



1 |