super.kg logo

Камчыбек Ташиев: "Мамлекеттин мыйзамдарына баш ийип, уруш-талаш чыгарбагыла" (видео)

 

Бүгүн, 30-мартта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бирлик айыл аймагынын административдик имаратында аталган айылдын жергиликтүү калкы менен Чечме тилкеси боюнча жолугушуу өткөрүүдө.
Ал чыр жаратып жаткан Чечме булагына келип, жергиликтүү эл менен жолугуп, алардын пикирлерин угуп жатат.

Ташиев жолугушуу учурунда "Эч ким эч кимге тийишпейт, бири-бириңер менен урушпайсыңар. Коңшу тараптын укук коргоо органдары, биздин укук коргоо органдарыбыз менен макулдашуу жүргүзгүлө, өз алдынча бир нерселерди жасай бербегиле. Шашпагыла, мамлекет бар, мамлекет чечет. Бул жер мамлекеттикки! Биз көп болсо 50 жыл жашайбыз, мамлекет миң жылдап калат. Мамлекеттин мыйзамдарына баш ийиш керек, негизгиси уруш-талаш чыгарбагыла", - деген пикирин билдирди.

Ал эми жергиликтүүлөр коңшулар менен чабыша берип тажап бүтүшкөнүн, алар көбүнчө провокацияга алдырып жиберише турганын билдиришти. Мындан улам алар өкмөттөн булакты бир тараптуу кылып тосуп берүүнү талап кылышууда.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен биргеликте Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзө турганы маалымдалган.

Эскерте кетсек, буга чейин "Чечме булагын эки тарап чогуу колдонот деген чечимге эл нааразы" деген жарандык активист Каныбек Парманов SUPER.KG порталына пикирин билдирген.






Ташиев Чечме булагына барды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: