Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Кыргыз өлкөсүнө келет

Маалыматка ылайык, делегациянын курамында Азия дзюдо союзунун президенти Обайд Аль Анзи келет.
Иш сапардын негизги максаты - Борбор Азиядагы дзюдонун өнүгүшү жана 2021-жылы Кыргыз өлкөсүндө өтүүчү дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпиондугунун жана Кыргыз дзюдо академиясындагы ачылышына катышуу болуп эсептелет.
Белгилей кетсек, делегация Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президентинин чакыруусу менен келет.
Маалымат үчүн:
Эл аралык дзюдо федерациясы (англ. International Judo Federation, IJF) 1951-жылы июль айында түзүлгөн.
IJF'тин баш кеңсеси Венгриянын Будапешт шаарында жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.