Домбранын добушуна магдырайсыз. Комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу Аскат Мусабековго домбра белекке берди
Ырчы Аскат Мусабеков белгилүү комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулунан домбра белекке алды. Алдыда домбра менен ырдап калышы мүмкүн экенин ырчы жазып чыкты.
"Закирбек инимден бир тууган казак элинин домбрасын белекке алып, сүйүнүчүм койнума батпай турат. Кудай буюрса, балким, алдыда домбра менен үн созуп калгым бардыр. Закир, ишиңе ийгилик, бекем ден соолук каалайм. Устаттарыңдын улуу жолун уланткан улуу инсан бол. Бар бололу, бир бололу", - деген ал.
Ал эми комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу белек тууралуу буларга токтолду.
"Негизи сатыкка чыгарган домбралар бар болчу. Аскат Мусабеков көрүп, домбра алгысы келип жаткан ниетин билдирген. Анан белекке домбра тартууладым", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
zhazgul98

30.03.2021. 14:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көркөм сүрөт, адабият, музыка, кино жана театр - бул саясаттын жана коомдун күзгүсү. Ошондуктан олкобуздо искуство маданиятка конул буралык. Жаштарды маданият, искуствого кобурок кызыктыралык.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.