super.kg logo

Кыргыз өлкөсүндө Тарру "Ташуу жана логистика" сервиси ачылды

 

Кыргыз өлкөсүндө эл аралык Тарру "Ташуу жана логистика" сервиси ачылды. Тагыраагы аталган сервис өлкөнүн 1 миллион 100 миң калкы жашаган Бишкек шаарында ачылды. Бишкек - негизги транспорттук түйүн, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн саясий, экономикалык жана өнөр жай борбору болуп саналат.

Борбор калаанын тургундары алгачкы жолу бир эле сервистин жүк ташуу кызматтарынан пайдалана алышат: тажрыйбалуу жүк жүктөөчү жумушчулар, айдоочулар кеңсеге, батирге көчүүнү уюштурууга, эмеректерди чогултуп, кайра орнотууга, таңгактаганга, тиешелүү жерге (кабат) алып түшкөнгө, алып чыкканга, кылдаттык менен үйүңүздүн босогосуна чейин жеткирип беришет. Кызматтар менен сайттан тааныша аласыз.

Бул сервис старт алганда автопаркта 30 унаа иштейт, ал эми жылдын аягына чейин унаалардын саны 100гө жетет. Кыргыз жергесинде жүк ташууларды ишке ашырган белгилүү ишканалар бар, бирок алар кардарлардын бардык талаптарын аткара алышпайт. Тарру "Ташуу жана логистика" кызматы кардарларга комплекстүү шарттарды түзүү менен жогорку деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жана ыңгайлуу бааларды сунуштайт. Республикада мындай сунушка шайкеш келген кызматтар жок. Сервис бара-бара өлкөнүн башка ири жана чакан шаарларында ачылат. 2025-жылга Тарру "Ташуу жана логистика" кызматы Кыргызстандын транспорт-логистикалык базарынын 90 пайызын ээлөөнү пландоодо.

Сервистин кызматтарын Бишкек шаарынын тургундары аптанын каалаган күнү 24 саат бою пайдалана алышат, ал эми унаа 15 мүнөттө жетип барат. Ташуулар түзүлгөн баалардын негизинде ишке ашырылат.

2019-жылдын июнь айында Тарру "Ташуу жана логистика" сервиси коңшу Казакстанда ачылган. Бир жылга жетпеген убакытта бул кызмат өлкөнүн жүк ташуулар рыногунда алдыңкы саптан орун алууга жетишти. Жакынкы убакытта аталган сервис Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө ачылат. Алдыдагы 5 жыл аралыгында Тарру "ташуу жана логистика" кызматы КМШ өлкөлөрүнө жайылат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.03.2021. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактардыкы экен да ошондо э
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: