УКМК тарабынан кармалган Ленин районунун мурдагы акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыгарылды
Ленин районунун экс-акими Чынасыл Чыныбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 27-майга чейин үй камагына чыгарылды. Мындай чечим кечээ, 29-мартта кабыл алынган.
Белгилей кетсек, 29-мартта УКМК бюджеттик каражаттарды туура эмес сарптоо фактысы боюнча Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык администрация башчысынын бири кармалганын маалымдаган. Ал бюджеттик каражаттарды үгүт иштери үчүн депутаттыкка талапкерлердин бирине мыйзамсыз бөлүп берген деп айыпталууда.
Ошол эле күнү Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы аталган райондун акими Чыныбаев кызматтан бошотулганын кабарлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.