super.kg logo

Жалал-Абадда баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүргөн туруктуу каналга бөгөт коюлду (сүрөт)

 
  • Жалал-Абад облусунда баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүргөн туруктуу каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-мартта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда баңги кылмышына шектүү катары жергиликтүү үч жаран кармалган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, 267-берене "баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Тинтүү иш-чараларынын натыйжасында 1979-жылы туулган жарандын жашаган үйүнүн короосунан капка салынган кара-күрөң түстөгү өзгөчө кендир жытына ээ болгон зат табылып алынган. Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 2 килограмм 80 граммды түзгөн марихуана баңгизаты деп аныкталган.

Мындан тышкары иш-чаралардын жүрүшүндө аталган даректен дагы башка эки шектүү кармалган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: