Орусиянын Мытищи аймагында ок атышуу болуп, турак үй өрттөндү

Маалыматка ылайык, 30-март күнү эртең менен Орусиянын Мытищи аймагында укук коргоо кызматкерлери жергиликтүү тургундун мыйзамсыз курал-жаракка катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалымат боюнча үйүн тинтүү үчүн барышкан. Бирок үй ээси аларга карата ок чыгарып, каршылык көрсөткөн. Анын кесепетинен атайын бөлүктүн бир жоокери жаракат алган. Анын бутуна ок тийип учурда ооруканада жатат. Натыйжада айылдын аймагы курчоого алынып, ал тургай унаалардын кирип чыгуусуна да чектөө киргизилген.
Ал эми кечке жуук үйдөн өрт чыккан. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, үйдүн ээси далилдерди жок кылуу максатында өрттөгөнү белгилүү болду. Өрт бир заматта үйдү толугу менен каптаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.