super.kg logo

Түркиянын көпчүлүк провинцияларына дем алыш күндөрү коменданттык саат киргизилди

 

Түркиянын көпчүлүк провинцияларында дем алыш күндөрү коменданттык саат киргизилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган өкмөттүн жыйынында билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Коронавирус илдетинен каза болгондордун саны көбөйүп жатканы коопсуздук чараларын кайрадан карап чыгууга аргасыз кылды. Өлкөбүздүн 80 пайыз калкы жашаган 58 провинция кооптуу аймак бойдон калууда. Ал аймактарда дем алыш күндөрү коменданттык саат киргизилет. Анда кечки 21:00дөн 05:00гө чейин коменденттык саат өкүм сүрөт", - деген Режеп Тайип Эрдоган.

Түркияда ишемби күнү 30 миң 21 адамдан COVID-19 диагнозу аныкталган. Бул көрсөткүч декабрь айынын башынан тарта эң жогорку көрсөткүч болгон.

Белгилей кетсек, аталган өлкөдө январь айында коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлө баштаган. Алгач медицина кызматкерлери, мугалимдер жана улгайган курактагы адамдар эмдөө алышкан. Учурда алты миллион жаран эмдөөдөн өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: