Эң көбү Бишкекте. Бир суткада 98 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталса, 86 бейтап айыкты
Бүгүн, 31-мартка карата өлкөдө дагы 98 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, акыркы суткада Талас облусунда ооруну жуктургандар катталган жок.
Бишкек шаары – 48;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 36;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 4;
Баткен облусу – 1.
Республика боюнча илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 88 миң 374 болду.
Ал эми соңку суткада 86 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкек шаары – 44;
Ош шаары –2;
Чүй облусу – 25;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 13.
Муну менен жалпы айыккандардын саны 84 миң 809ду түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.