Аялга күч колдонуп телефонун тартып алган. Бишкекте бир катар тоноого шектелген жаран кармалды
Бишкек шаарында бир катар тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-декабрында Октябрь РИИБине аял киши арыз менен кайрылган. Анда жашы болжол менен 20-25теги белгисиз жаран арыз ээсине күч колдонуп, Iphone XR үлгүсүндөгү баасы 40 миң сомдук телефонун тартып алып качып кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене "тоноо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип, 1998-жылы туулган жаран кармалып, СИЗ0-1ге эки айга камакка алынган. Анын ушул сыяктуу дагы 4 кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги белгилүү болгонун кошумчалашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.