super.kg logo

"100дөн ашык телефон табылды". Жалал-Абадда уурулукка шектелген топ Чүйдө кармалды

 

Чүй облусунун аймагынан уурулукка шектелген топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-март күнү Жайыл районунун Сосновка айылындагы стационардык тосмодон кылмышка шектүү жарандар кармалышкан.

"Алар бир нече уурулукка шектелип, Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБи тарабынан изделип жатышкан. Кармалган жарандар жүргөн унаага кароо жүргүзүү учурунда, 50дөн ашык уюлдук телефон жана 70ден ашык Самсунг жана Редми үлгүсүндөгү телефондун бош кутулары алынган.

Шектүү жарандар Жайыл РИИБине жеткирилип, териштирүү учурунда алар Ноокен жана Өзгөн райондорунан бир нече кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган. Кармалгандар 23, 22, 28, 21 жаштагы жарандар экени белгилүү болду. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: