super.kg logo

"Бишкекте активист кайык менен жүргөн жол оңдолот" дейт вице-мэр (видео)

 

Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу
интернетте тарап жаткан кайык менен сүзүп жүргөн учурду чагылдырган жол оңдоло турганын билдирди.

Бул тууралуу ал жыйын учурунда айтты. Айтымында, кийинки салына турган жолдор бардык талаптарды эске алып, кемчилиги жок салынат.

"Убагында жол салынганда жөн эле жол салып коюшчу. Анда асфальт, тратуар, ирригациясына да көңүл бөлүнчү эмес. Ошонун айынан кечээги окуя болду. Ал жерге кечээ түндө биз мэрдин тапшырмасы менен барып келдик.

Азыр ал жакта адистер иштеп жатат. Суу топтолгон жакта агын суу кете турган арык жок экен. Кийинки жолдор ал кемчиликтердин баарын эске алып салынат", - деди ал.

Буга чейин Бишкекте жаандан улам жаралган көлчүктө активист кайык менен жүргөндүгү жазылган.






Вице-мэр: "Кечээги көлчүк суу кетирген арык жоктугунан келип чыккан"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: