Өгөй атасын өлтүрмөкчү болгон 18 жаштагы жаран кармалды
Москва райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан 18 жаштагы жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Москва районунун Винсовхоз айылындагы үйлөрдүн биринде, 13-октябрь күнү саат 03:00 чамасында жаш жигит өгөй атасын балта менен башка чапкан. Буга 44 жаштагы өгөй атанын мас абалында күндө үйүндө чатак чыгара бергени себеп болуптур. Жабырлануучу ооруканада, ал эми күнөөкөр убактылуу кармоочу жайга отургузулду. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Автор: Жылдыз Жускембаева
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
A_l_i_b_e_k

16.10.2013. 01:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блавоү!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.