super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаров Түрк кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйынына катышат

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө мамлекеттердин башчыларынын видеоконференция форматындагы бейформал саммитине катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарада эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылган.

Бейформал саммитке Казакстан Республикасынын туңгуч президенти жана Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоев катышары күтүлүүдө.

Ошондой эле байкоочу өлкө катары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, ал эми Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов ардактуу конок катары катышары мерчемделүүдө.

Маалымкат: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши мамлекеттер аралык уюм. Анын башкы максаты түрк тилдүү мамлекеттердин ар тараптуу кызматташтыгына көмөктөшүү. ТМКК ишмердүүлүгү өзүнө саясий, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыйт.

Бүгүнкү күндө аталган уюмдун мүчөлөрү Азербайжан, Казакстан, Кыргыз өлкөсү, Түркия, Өзбекстан. Венгриянын бул уюмга байкоочу өлкө макамы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: