super.kg logo

УКМК тарабынан кармалган салык кызматынын Биринчи Май районунун башчысы кызматтан бошотулду

 

Биринчи Май райондук салык органынын башчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны кызматтан бошотууга пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалышы негиз болду.

"Салык кызматынын жетекчилиги тарабынан мекеме ичиндеги коррупция жана паракорчулукка каршы күрөшүү боюнча кабыл алынган чараларга карабастан салык органынын кызматкерлери пара алгандыгы үчүн кармалган фактылар орун алууда. Салык кызматынын жетекчилиги таза эмес кызматкерлердин аныкталышына кызыкдар жана коррупциялашкан кызматкерлерден арылуу боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, 31-мартта УКМК аталган башчы жеке ишкерлерден пара алып жүргөн туруктуу коррупциялык схемасы аныкталганын маалымдаган. Ал кечээ, 30-мартта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгынын башчысы кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.03.2021. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунтип эле жумуштан кетип кутулуп кетеби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: