"Жакында көрүшөбүз". UFC мушкери Тони Фергюсон Хабиб Нурмагомедовго кайрылуу жасады
Америкалык UFC мушкери Тони Фергюсон Хабиб Нурмагомедовго өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
Ал Хабиб Нурмагомедов менен болгон UFC мелдешиндеги ийгиликсиз мушташына чейин жолуккан учурлардагы видеосун жарыялап, "жакында көрүшөбүз" деп жазган.
Буга чейин, Тони Фергюсондун ушул жылдын май айында октагонго кайтып келери белгилүү болгон.
Фергюсон UFC'деги акыркы эки беттешинде жеңилүү ызасын тарткан. 2020-жылы 10-май күнү АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 249 турниринде ал Жастин Гейтжинин олуттуу соккуларына туруштук бере албай, техникалык нокаут менен жеңилип калган. Ошондой эле өткөн жылдын декабрь айында америкалык Чарльз Оливейрага утулуп калган. Бул анын Жастин Гейтжиден техникалык нокаут менен утулгандан кийинки алгачкы беттешке чыгышы болчу.
Ошондой эле ушул жылдын март айында Майкл Чэндлер менен бош UFC'нин жеңил салмактагы чемпиондук куру үчүн атаандашууга мүмкүнчүлүк алды.
Бул жеңилүү ызасын тартканга чейин Фергюсон сегиз жыл бою жеңилген эмес. UFC'нин убактылуу чемпиону болду. Ошол эле учурда Фергюсондун орусиялык Хабиб Нурмагомедов менен дуэли бир нече жолу үзгүлтүккө учураганы белгилүү. Фергюсон карьерасында 25 ирет жеңишке жетип, алты жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bayern-munchen

01.04.2021. 12:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл суйлосо дагы ушул Фергюсон суйлобой эле койсо болмок
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.