super.kg logo

"Спутник V вакцинасын мигранттардын эсебинен алуу мерчемделип жатат" деген кабар боюнча министрлик түшүндүрмө берди

 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Орусияда жүргөн кыргыз мигранттарынын жана жеке ишкерлердин эсебинен Спутник V вакцинасын алууну мерчемдеп жатканы маалымат каражаттарында айтылган. Анда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радионун" эфиринде билдиргени кабарланган. Министрликтин басма сөз кызматынан жогорудагы маалымат боюнча түшүндүрмө беришти.

Маалыматта калкты COVID-19 илдетине каршы эмдөө үчүн вакциналарды алуунун бир канча жолдору каралганы айтылат.

"COVAX механизминин алкагында, Кыргыз өлкөсү 2 миллион 600 миң доза вакцина алуу үчүн арыз берген. Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан 500 миң дозада Орусиянын Спутник V вакцинасын алуу маселелери талкууланууда. Бүгүнкү күндө Спутник V вакцинасы Кыргыз жергесинде каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүккө ээ, ошондой эле дары-дармектердин атайын тизмесине киргизилген. Бул вакцинаны мамлекеттин, донордук жана чет өлкөдө жашаган ишкер кыргыздардын колдоосу менен алуу мерчемделүүдө. Министр Алымкадыр Бейшеналиев эфирде чет өлкөдө жашаган ишкер мекендештердин атынан сунушталып жаткан жардамды билдирген", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.04.2021. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озу биздин чиновниктерде бет деле калбаптыр да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: