"Ишеним" партиясы: "Шаардагы курулуш бизнесиндеги үлүшчүлөрдүн (дольщики) укугун коргойбуз!"
Бишкек шаарындагы учурдун эң чоң көйгөйлөрүнүн бири – чала бүткөн же курулушу узакка созулуп, элди кыйнаган көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу. Ичпей, жебей чогулткан акчаларын үлүштүк курулушка (долевое строительство) жумшап, үйүнөн же акчасынан дайын жок орто жолдо калган миңдеген шаардыктардын арманы чынында өтө күчтүү болуп турат. Билинбегени менен бул маселе социалдык чоң чыңалууну жараткан көйгөй.
Бүткөн үйлөрдүн көбүнө деле ысык суу, газ, жылуулук толук кандуу жете элек. Лифти иштебеген үйлөр толуп жатат. Ижарага алынган муниципалдык жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү сала коюп, элге саткан шылуундар эч кандай жазага тартылбай, ээн-эркин басып жүрүшөт. Бүгүн Бишкектеги жаңы салынган турак жайларда жашаган элдин дээрлик 70 пайызынын үйүнүн документтери жок. Бул көйгөйдүн баары кайдан чыкты? Себеби эмнеде? Жообу - баягы эле чырмалышкан коррупция! Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна, коммуналдык кызматтарды кошууга уруксат берген муниципалдык жана мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздамайынча бул көйгөй чечилбейт. Ири курулуш компанияларынын кожоюндары Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына дал ушул себептен кызыгышат. Алар шаардык кеңеш аркылуу жогорудагы муниципалдык кызматтарга таасир этип, бизнесин ээн-эркин жүргүзүү укугуна ээ болушат.
«Ишеним» саясий партиясы мындай чириген системага каршы турат. Дал ушул курулуш тармагына көзөмөлдү күчөтүп, муниципалдык органдардагы коррупцияны түп орду менен жок кылууга катуу киришет. Көп кабаттуу үй салам деген бизнесмендер дагы, үйлүү болгусу келген эл дагы ыраазы болгондой, эки тарапка тең ыңгайлуу системаны ишке киргизебиз. «Ишеним» саясий партиясынын Бишкек шаардык кеңешине келгендеги алгачкы жылдары ишке ашыра турган негизги максаттык 4 багытынын бири – дал ушул муниципалдык реформа, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш.
Көп кабаттуу үйлөрдү салуудагы административдик тоскоолдуктарды, коррупцияны жоюп, шаардагы баш аламан курулуш иштерин иретке келтиребиз. Эл үй сатып алганда, курулуш компанияларынын кооз жарнамалык буклеттерине эмес, канализация, ысык, муздак суу, өрт коопсуздугу, лифт, газ, жадакалса, ар бир таштанды челеги кайда жайгашканынан бери ачык, так жазылган расмий генералдык планына карап алгыдай кылабыз. «Ишеним» партиясынын чыныгы профессионалдардан куралган күчтүү командасы муну сөзсүз ишке ашырат. Ага эркибиз, билимибиз, тажрыйбабыз жетиштүү.
№ 7 - «Ишеним» партиясы - чыныгы профессионалдардын партиясы.
Даярдоочу: «Super.kg». Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Турусбекова көчөсу 109/1. Буйрутмачы: Жумабекова Чынар Төлөмүшевна, ”Ишеним” сайясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу окүлү Жумабекова Чынар Төлөмүшевна Тарабынан төлөндү.
кошулду
