Балыкчыда түтүнгө ууланып 75 жаштагы карыя каза болду




Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында көп кабаттуу батирден өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүдө айтылгандай, Балыкчы шаарынын Орозбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батиринде жумшак керебет жана жууркан, төшөк күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1945-жылы туулган эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон. Өрттүн себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.