super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Дордой" базарындагы "Оберон-Форт" бөлүгүнүн жолу мышык ыйлагыдай" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда ал борбордогу "Дордой" базарындагы "Оберон-Форт" бөлүгүнүн жолу начар экендигин айтты.

"Дордой" базарынын "Оберон-Форт" бөлүгүнүн жолу мышык ыйлагыдай. Ал администрациянын маңдайындагы жол. Ар бир контейнер ээлери ай сайын эң азында 2 миң 500 сомдон жерге акча чогултуп турат. Андан сырткары 30 сомдон унаа токтотконго акча алышат. Жолунун абалы начар. Кыска эле 1 чакырымга жетпеген жол. Ушуну базар администрациясы өзү эле оңдоп койсо болмок", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






"Дордой" базарындагы "Оберон-Форт" бөлүгүнүн жолу начар" дейт окурман

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: