super.kg logo

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов мамлекетке 50 миллион сом которду

 

Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов мамлекетке келтирген 50 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурду. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, мыйзамсыз баюу фактысынын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында депутат Марат Аманкулов 50 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды УКМКнын депозиттик эсебине которду. Ал эми зыяндын калган бөлүгүн келтирилген зыяндын көлөмү так аныкталгандан кийин этап-этабы менен төлөйт.

"Марат Аманкулов кызматта турганда мыйзамсыз баюуга, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөй коюуга шектелген. Ошондой эле анын жакын туугандары жана аффилирленген адамдары тарабынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алышкандыгы, алардын жалпы баасы расмий кирешелеринен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөн бир нече эсе ашыкча экендиги аныкталган.

Кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн белгилерин жашыруу максатында активдердин кирешелерин расмий тастыкталбаган жакын туугандарына каттаткан. Мүлктү легалдаштыруу максатында банк мекемелеринде кредиттик насыя алуу жолу менен активдерди жакын туугандарына каттаганы аныкталган. Марат Аманкулов 2008-2020-жылдар аралыгында өзүнүн саясий таасиринен жана Бишкек шаардык кеңешиндеги абалынан пайдаланып активдерин кыйла көбөйткөн деп болжолдонууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамсыз байыганын маалымдаган. Анда депутатка соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, "Каприз" борборундагы коттедж, 3 хан сарай, ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа таандык экени айтылат.

Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1 миллиард 500 миллион сомдон ашык болгонун УКМК кабарлаган.

Ал депутаттык мандатын тапшырганы бүгүн, 1-апрелде маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
01.04.2021. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Торт сотук жерге жетпей жатсак
01.04.2021. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zam81,ооба десениз, ушундай жегичтер жер устундо кандай басып жургонуно тан калам,абийир деген жок экен да,мындайларга Кудай деле жок деп кетем,эхх Аллахым озун кечир мени
Aky12 түзөттү 2021-04-01 15:45:59
01.04.2021. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жеп,тоюп,жарылып олбодунор.Кыргызстанды ушундай акыбалга такагандар ушуга окшогон кыргыздын душмандары да.
01.04.2021. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен башчы болгондо ушундайларды оптом аттырып салмакмын, байлыктарын тартып алып, бийликтеги чимкириктерди кошуп оптом жарып салмакмын.
01.04.2021. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аттырыш керек болчу 10 чакты жегичтерди сразу атса анан жегенден коркрмок бул акмактар
01.04.2021. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Депутат бийлик бул жегичтерге айланды
01.04.2021. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Корундо окурсун булар,кудай бар буларга.Канча адамдар кыйналып жашашат,булар ар бир уй булоо мучоосуно бир канчадан мулк...пай пай.Элдин кусуру урат.Мындайлардын напси кайда билбейсин .
01.04.2021. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо булар кандай болуп калат. Мамлекетке мынча зыян алып келди десе ошону толоп кутулуп кетишеби. Бийлике отургандан бери жеп ичкеничи ,тапкан пайдасычы, ошончо жылдан бери ушулардын айынан кор болгон элчи. Болбойт мындай тукум курут кылыш керек. Оздорун атып салып тукуму менен голый боюнча депорт кылыш керек Кыргызстандан
01.04.2021. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1,5 миллиард жеп алып ,500 Миллион кусуп койуп кутулуп кете берсе Боло береби?Бул ыкма менен коррупционерлерден эч качан кутула албайбыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: