super.kg logo

"Ушул жылы диплом алмак". Кытайда жол кырсыгынан каза болгон кыргыз студентинин жакындары жардам сурайт

 

Кытайда жол кырсыгынан каза болгон кыргыз студенттин жакындары жардам сурайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жакындары билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркум 22 жаштагы Бексултан Шадыканов. Жалал-Абад облусунун тургуну. Ал Бишкек мамлекеттик университетинде окуп, 2 жыл мурун Кытайга окуусун улантууга кеткен.

"Бексултан үйдүн кичүү баласы. Анын ата-энеси карапайым адамдар. Апасынын жүрөгү ооруйт. Азыр дагы абалы жаман болуп турат. Бексултан ушул жылы окуусун аяктап, диплом алып мекенине келмек. Акыркы 2 жылдан бери ошол жакта болчу. Ортодо пандемия болуп кетип, келе албай калган эле.

Азыр анын сөөгү өлкөгө качан келери белгисиз. Себеби Кытайда бардык тергөө иштери экспертиза толук чыкмайынча сөөктү беришпейт экен. Ошондой эле өлкөгө алып келүүгө 25 миң доллардай акча керек. Азыр Тышкы иштер министрлиги иштерди жүргүзүп жатат. Бирок алар алып келе алат дегенге өтө ишенич жок. Ошондон улам биз жарандардан жардам сурайбыз.

Азыркы учурда мотоциклде аны менен келе жаткан Тажик жаранынын абалы оор", - деди Анара Кутманова.

Кытайда Кыргыз жараны мотоциклде келе жатып даракты сүзүп каза болгон. Рулда Кыргыз жараны болсо, артында Тажик жараны отурган.

4169585341945771 VISA OPTIMA;

9417018713364834 «ЭЛКАРТ»;

4172210079024310 DEMIR VISA;

0777236327 «ЭЛСОМ»;

0500558805 Анара Кутманова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.04.2021. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакындарына сабыр тилейбиз..ушу кытайга барып окугандын ото деле пайдасы жок деп угам го, ал жактан буткондор эч жерде ишке орношо албай эле кыйналышат деп, канчалык чындыгы бар билбейм бирок
04.04.2021. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эле,Россиядан эптеп жумуш таап бергилечи кытайдан окуусун бутуп иш таппай журот дегендер коп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: