Бишкекте университеттердин биринин терезесин талкалап качып кеткен жаран кармалды





Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин терезелерин сындырып качкан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жогорку окуу жайлардын биринен борбордук байкоочу түйүнүнөн дүрбөлөң баскычы аркылуу чакыруу келип түшкөн.
"Жогоруда айтылган дарекке милиция кызматкерлери барганда, университеттин терезесинин айнектери талкаланып, сынган абалда болгон. Ошондой эле университеттин жанында токтоп турган Гольф 3 үлгүсүндөгү унаанын айнектерин дагы сындырып качып кеткени аныкталган. ИИМдин күзөт кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүүнү качып бараткан жеринен кармап, Октябрь РИИБинин териштирүү бөлүмүнө өткөрүп беришкен", - деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.