Куудулдарды бириктире турган театр же атайын иш бөлмө уюштуруу талкууланды. Маданият министри күлкү жаратуучулар менен жолугушту











Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев 1-апрель Күлкү күнүнө карата куудулдар менен жолугушуп, баарлашты. Ага Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Келдибек Ниязов, Күмөндөр Абылов, белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов жана өсүп келе жаткан жаш куудулдардын жоон тобу катышты. Сүйлөшүү эркин болуп, суроо-жооп форматта болгонун министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кайрат Иманалиев өз сөзүндө аларды майрамы менен куттуктап, бул тармакта жасала турган бир катар иштерди белгилеп өттү.
Сатира коомдук турмуштагы ошол чөйрөгө, түзүлүшкө ылайык келбеген айрым бир көрүнүштөрдү, адамдардын иш-аракеттериндеги, мүнөздөрүндөгү жагымсыз сапаттарды күлкүгө алып, каймана маанисинде коомго жеткире турган чыгармачылыктын бир түрү. Андыктан биринчи кезекте куудулдардын башын бириктире турган театр же атайын иш бөлмө уюштуруп, алгачкы кадамдарды баштоо керек деп белгиледи. Ошондой эле сатира багытындагы режиссёр менен иштөөгө жана келечекте бул тармакты кеңейтүү үчүн куудулдар тарабынан даярдалган профессионалдык спектаклдерди, юмористикалык мыкты чыгармаларды эл алдына алып чыгуусун, келечекте ал чыгармаларды байма-бай чагылдыруу керектигин кошумчалады.
Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө катышуучулар күлкү жана тамашалоо идеологиялык багытта күчтүү курал, таасирдүү тармак болуп саналары белгиленип, биргеликте иш алып баруу макулдашылды.
Мындан сырткары министрлик тарабынан жакынкы убакта кызматташуунун форматы аныкталып, идея жана аны укуктук жактан бекемдөө үчүн тийиштүү адистер иш алып барат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Ali-han

02.04.2021. 10:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Күмөндөргө сакал мурут жакшы жарашыптыр
zhazgul98

02.04.2021. 11:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулку, маданият, искуство бириктирет. Ачууну кулку женет. Жаштарды искуство, маданиятка кызыктыруу керек
zhazgul98 түзөттү 2021-04-02 11:42:38
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.