2013-жылы Нооруз майрамын Кыргызстан Иран менен бирге белгилейт
2013-жылы Нооруз майрамы Кыргызстандагы Иран элчилиги менен бирге белгиленет. Бул тууралуу Маданият жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Аталган министрликтин башчысы Ибрагим Жунусов Кыргызстандагы Ирандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Хажафи Хашруди менен жолугушуп, 2013-жылы Нооруз майрамын бирге белгилөө жөнүндө макулдашышкан. Ошондой эле министрликтен Кыргызстан жана Ирандын атынан "Нооруз майрамын белгилөө" ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилгенин белгилешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.