super.kg logo

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы: "Ыргал Кадыралиева үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн жарыштан четтетилди"

 

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында бир катар даттануулар каралып, аларга карата чечимдер чыгарылды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үгүт жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн бир нече талапкерлер жарыштан четтетилген.

"Азия-ньюс" гезитине жарыяланган Жогорку Кеңештин депутаты, "Ынтымак" партиясынын лидери Марлен Мамателиевдин маеги үгүт материалы деп табылып, гезитке кат жүзүндө эскертүү берилди.

"Эмгек", "Ынтымак" жана "НДПК" партияларынын айрым мүчөлөрүнө КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү тарабынан даттануу келип түштү. Даттанууда айрым талапкерлер КСДП партиясынын мүчөсү болуп туруп, башка партиялардын курамында шайлоого аттанып жатканы айтылган. Арыздануучу тарабынан берилген кошумча материалдарды карап чыгып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы "Эмгек" партиясынан талапкерлер А.Мамбетова жана М.Токтоналиеванын талапкерлигин каттоодон баш тартуу чечимин чыгарды.

Ак-Бата конушунда депутаттыкка талапкерлер Нариман Түлеев жана Ыргал Кадыралиеванын катышуусунда массалык спорттук иш-чара өткөрүлүп, бекер тамак-аш таратылгандыгы боюнча ЖМКларда жарыяланган маалыматтардын негизинде, "Ак Бата" партиясына эскертүү берилип, Ыргал Кадыралиева жарыштан четтетилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: