super.kg logo

УКМК мамлекеттин бюджетине 2 миллион 400 миң сомдук кыймылсыз мүлк кайтарылганын маалымдады

 

Мамлекеттин бюджетине 2 миллион 400 миң сомдук кыймылсыз мүлк кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин 10-февралда УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан деген шек менен "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Сокулук филиалынын директору жана жетектөөчү адиси кармалган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Такталгандай, көрсөтүлгөн мекеменин директору жана жетектөөчү адиси Жабык акционердик коомдун директорлорунун бирине жер тилкесин менчик кылып берүү боюнча мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдашкан. Жогоруда аталган адамдардын атайылап жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 2 миллион 400 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

31-март күнү Чүй облусунун административдик соту көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берди. Ошондой эле УКМК жогоруда аталган эки жаранга карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши тергелип жатат", - деп билдиришти атайын кызматтан.

Эске салсак, буга чейин 23-мартта 17 миллион сом зыян келтирген делинип "Кадастр" ишканасынын дагы эки кызматкери кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: