Коронавируска каршы эмдөө алуу орозону бузабы? Муфтияттын жообу
Жакында мусулмандардын ыйык орозо айы башталат. Анда таң аткандан күн батканга чейин орозо кармашат. Коронавирус илдетине каршы эмдөө алуу орозону бузабы же жокпу көп адамды ойлондурууда. Бул боюнча SUPER.KG порталы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулуна байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.
"Коронавируска каршы эмдөө кадимки эле укол сыяктуу болгондуктан орозону бузбайт" деди Бактияр Токтогазы уулу.
Белгилей кетсек, 29-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталып, биринчилерден болуп саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
sabirdinovich

03.04.2021. 11:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укол орозону бузбайт деп ким айтты? Ал уколдо азык берүүчү заттар болсо, албетте орозо бузулат да.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.