super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бабанов Жогорку Сотко англиялык 5 судьяны алып келүүнү сунуштады

 

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов "Дело№" гезитине берген маегинде КРнын Жогорку Сотуна 5 англиялык судьяны алып келип иштетүү керектигин айтты. Сот системиндеги реформа туура эмес багытта бара жатканын айткан Бабанов: "Жогорку Сотко 5 жылга англиялык судьяларды алып келип, аларга жакшы айлык акы төлөп берүү керек. Биринчи жана экинчи инстанциялардагы чечимдерди жокко чыгарышса, анда ошол чечимдерди чыгарган кыргыз судьялары токтоосуз кызматтарынан бошотулушу керек",- деди. Бабанов ушундай жол менен сот тармагын тазалоого болот, анткени англиялык соттор акчага сатылбайт деген пикирде. 

Экс-премьер мындай ыкманы учурда Орусия колдонуп баштаганына токтолду. "Бул судьяларга алгач жарандык экономикалык иштерди бериш керек. Өз учурунда бул өлкө экономикасынын өсүшүнө стимул болот. Карапайым калк жашоосунун начардыгынан митингдерге чыгып жатат. Бара-бара сот тармагы таза, калыс иштей баштаса, нааразычылык акцияларына чыгууга себеп азая баштайт",- деди Бабанов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: